Abank
SerepTV Logo

Велосипед менен ажылык сапарга кеткен жаран 71 күндөн кийин кайтып келди

Велосипед менен ажылык сапарга кеткен жаран 71 күндөн кийин кайтып келди

Велосипед менен ажылык сапарга кеткен жаран кайтып келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Ош шаарынын тургуну, 1995-жылы туулган Эрмахаммат Тожимахаммат 4-майда велосипед менен ажылык сапарга аттанган. Ал Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Түркия жана Дубай аркылуу Сауд Арабияга жетип, мусулмандык парзын аткарып, бүгүн, 13-июлда 71 күн өткөн соң Өзбекстан аркылуу өлкөгө аман-эсен кайтып келди. Аны Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышты.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="190052,190053,190054,190055,190056,190057"]