"Уулум "апа, биздин акчабыз жок, эч нерсе жей албайбыз ээ?" деп сурайт" дейт жалгыз бой эне
“Тагдыр” көрсөтүүбүздүн бул жолку каарманы 29 жаштагы Айзат Маматназар кызы. Ал турмуштун сыноосуна кабылып, учурда жардамга муктаж болуп жатканын айтат. Каарманыбыз кичине кезинен апасынан айрылып, 5-классты аяктаган соң, Орусияда бала багуучу болуп иштөөгө мажбур болгон. Кыргызстанга кайтып келгенде атасынын үйлөнүп алганын билген. Үйгө батпаган кыз кафеде иштеп, өз жанын өзү багып жүргөндө, ала качып кеткен. 20 жашында турмушка чыгып, 5-6 жылдай жашап, кайненесинин кийлигишүүсүнөн улам түгөйлөр эки жолго түшүшкөн.
"Кайын журтум айылдын алдыңкыларынан болушчу. Биз элдин көзүнө көрүнүп жашашыбыз керек болчу экен. Аларга малдан жардам беришибиз керек болчу экен. А бизде андай шарт жок болду. "Баламды окутуп алгансың, баламды алдап тийгенсиң" деген сөздөр көп болду. "Колунда бар жердин кызын алып берет элем. Эл караган жерибизди жер караттың" дегенде кайненемден көңүлүм калды", - дейт ыйлаган келин.
Ал уулу башкалар жеген тамакты көрүп, ошондой тамак сурарын, аны алып бере албасын айтат. "Апа, мен деле ушундай тамак жейинчи, алып бериңизди" дейт. Анан барып "кичине бериңизчи" деп сурайм. Балдар банан жесе, банан жейм дейт. Уулум "Апа, биздин акчабыз жок, эч нерсе жей албайбыз ээ?" деп сурайт. Дүкөндөн карызга алчумун, карыз көбөйүп кетип, бербей калды. Картошка, пияз алып кууруп жечүбүз. Азыр эч нерсебиз калбай калды", - дейт ыйлаган келин.