Депутат Камила Талиеванын мандатын тапшыруу боюнча арыз бергени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиеванын депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергени тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.
Учурда Камила Талиева депутаттык ишмердүүлүгүн улантып, өз милдеттерин мурдагыдай аткарып жатат.