Abank
SerepTV Logo

"Унааңызды бактын түбүнө токтотпоңуз". Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

"Унааңызды бактын түбүнө токтотпоңуз". Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Катуу шамал учурунда:
- Унааңызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
- Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
- Жарнама калкандарынын жанына турбаңыз;
- Көз айнек кийиңиз. ☎️ Кырсык катталган учурда "112" номуруна байланышыңыз.