Abank
SerepTV Logo

Унааларды милдеттүү камсыздандыруу 2025-жылга калды

Унааларды милдеттүү камсыздандыруу 2025-жылга калды
Жарандар үчүн унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) мурда маалымдалгандай, 2024-жылдын 1-январынан эмес, 2025-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады. Кыргызстанда автоунаага милдеттүү түрдө камсыздандыруу эрежесин киргизүү аракети бир нече жылдан бери көрүлүп келет. Улам артка жылып, 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирмек болгон.