Abank
SerepTV Logo

"Ун бир күндө 1000 сомго кымбаттады". Тазабек Икрамов өкмөттү сындады

"Ун бир күндө 1000 сомго кымбаттады". Тазабек Икрамов өкмөттү сындады
Министрлер кабинети кышка даяр эмес экенин көрсөттү. Бул тууралуу жыйында депутат Тазабек Икрамов билдирди. "1 кап унга бир заматта 1 миң сом акча кошулду. Бул өкмөттүн шалаакылыгы. Программасы жок. Казакстанга каалагандай суу бердик. Азыр суу жок же ун жок. Бул башталышы. Күз баштала электе ушундай болуп жатат. Азык-түлүк кымбаттап жатат. Өкмөттү чакырып, маалымат алалы", - деди ал.
width="560" height="316" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen"> Кечээ, 20-сентябрда SuperTV телеканалы жүргүзгөн сурамжылоодо соодагерлер “Бир кап ун 2500 сом эле, эки күндө 3200 сом болуп кетти” дешкен.