Улуттук маданий борбордун жетекчиси Союзбек Надырбеков кызматын тапшырды
Улуттук маданий борбордун 32 жаштагы жетекчиси Союзбек Надырбеков кызматтан кетти. Бул тууралуу өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Башка жумушка которулганыма байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбордун директору кызматын тапшырып берип жатам. Бул борборду жетектөө сунушун берип, чоң мүмкүнчүлүктү түзүп, дайыма колдоп-коштоп келген жетекчиме ыраазычылык билдирем. 9 ай күн-түнгө карабай абдан активдүү иш алып бардык", - деп жазды ал. Союзбек Надырбеков Улуттук маданий борбордун башкы директору болуп ушул жылдын февраль айында дайындалган болчу." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/uluttuk-madanii-borbordun-32-jashtagy-jany-bashky-direktorunun-omyr-bayany/">болчу.