Abank
SerepTV Logo

Улуттук маданий борбордун 32 жаштагы жаңы башкы директорунун өмүр баяны

Улуттук маданий борбордун 32 жаштагы жаңы башкы директорунун өмүр баяны
Министрдин мурдагы орун басары Союзбек Надырбеков Улуттук маданий борбордун башкы директору болуп дайындалган. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/madaniyat-ministrinin-murdagy-orun-basary-jany-kyzmatka-daiyndaldy/">дайындалган. 

Союзбек Надырбеков 1990-жылы 16-сентябрда Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында туулган.

Билими:
2009-2013-жылдары - Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети;
2009-2011-жылдары - Чунг-Анг университетинин (Түштүк Корея) “Ички жана тышкы саясат” багыты; 2015-2017-жылдары - Мамлекеттик башкаруу академиясынын “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыты (магистратура); 2017-жылы - Мамлекеттик башкаруу академиясынын “Саясий институттар” багыты (аспирантура) боюнча билим алган. Эмгек ишмердиги: 2012-2013- жылдары - “Лидер жаштар клубу” КБ негиздөөчүсү, төрагасы; 2013 -2015-жылдары - «KGM», азыркы «Luna travel» туристтик компаниясында башкы менеджер; 2015-2017-жылдары - “Asia Children Charity” эл аралык кайрымдуулук фондунда аткаруучу директор; 2017-жылы - “Dream K” туристтик компаниясында башкы директор; 2017-2018-жылдары - III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгында координатор; 2018-2019-жылдары - “King Abdul-Aziz Camel Festival – Nomad Universe” (Сауд Аравия) координатор; 2019-жылы - Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борборунда (TURKSOY 2019) Логистика багыты боюнча жооптуу; 2019-жылы - Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде Логистика багыты боюнча жооптуу; 2019-2020-жылдары - Дүйнөлүк этно конфедерациясында маданият боюнча менеджер; 2020-2021-жылдары - Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын катчылыгынын консультанты; 2021-жылы - Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде директордун орун басары; 2021-2023-жылдар аралыгында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматын аркалаган.