Abank
SerepTV Logo

Улуттук госпиталдын 8 дарыгери Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтүшөт

Улуттук госпиталдын 8 дарыгери Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтүшөт
Бүгүн, 8-февралда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталга барып, уролог дарыгерлер менен жолугушту. Президент Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасында органдарды трансплантациялоону өнүктүрүү боюнча буйругун аткаруу максатында Улуттук госпиталдын 8 дарыгеринен турган бригада түзүлүп, алар эртең Түркиядагы алдыңкы органдарды трансплантациялоочу клиникалардын биринде окуп келүү үчүн учуп кетишет. Биринчи этапта 4 уролог, бир айдан кийин дагы 4 дарыгер жөнөтүлөт. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="227472,227473,227474"]