Abank
SerepTV Logo

Улак тартышта уткан унаасын өзү иштеген бөлүмгө тапшырган милиция кызматкери: "Оюмду ата-энем кубаттады"

Улак тартышта уткан унаасын өзү иштеген бөлүмгө тапшырган милиция кызматкери: "Оюмду ата-энем кубаттады"

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын №3 милиция бөлүмүнүн начальниги милициянын капитаны Асхат Субанов улак тартышта байгеден утуп алган ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаасын Ак-Буура милиция бөлүмүнө берди. Ал бул кадамын «коомдук коопсуздукка кошкон салымым болсун» деп түшүндүрдү. «Мен февраль айында эмгектик өргүүдө жүргөн учурумда улак тартыш улуттук оюндарына катышып, 2 унаа уттум. Ошол экөөнүн бирин өзүм иштеген Ак-Буура милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө берүүнү чечтим. Бул оюмду ата-энем дагы кубаттап, колдоп беришти», - дейт Асхат Субанов.

12-мартта аталган унааны башкармалыктын бөлүм жана кызмат башчыларынын катышуусунда тапшырды.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="168820,168821,168822"]