Украинадагы согушта дагы бир Орусиянын жарандыгын алган кыргыз жигитинин көз жумганы айтылууда
Орус маалымат каражаттары Сахалин облусунун губернаторуна шилтеме берүү менен 18-майда Украинада дагы бир жигит каза болгонун жазып" target="_blank">https://www.mk-sakhalin.ru/incident/2022/05/23/voennosluzhashhiy-s-sakhalina-pogib-v-boyu-s-nacionalistami-na-ukraine.html">жазып чыгышты. Маалыматта каза болгон жигиттин Сыргакбек Өзүбеков экени айтылат. Ошондой эле каза болгон жигиттин үй-бүлөсүнө керектүү жардам берилери жазылган.
Ал арада Фейсбуктун Мээрим Дөөлөтбекова деген колдонуучусу 18-майда Украинада анын аяш уулу көз жумганын жазып чыкты. "Украинада болуп жаткан согуш 19 жашка араң толгон аяш уулубузду алып тынды. Маркумдун сөөгү кичи мекенине жеткириле элек. 18-майдан бери кагаз иштери бүтпөй, жок шылтоолорду айтып, жанды кашайтып бүтүштү. Ата-энеси кан жутуп, күтүп жатышат", - деп жазды ал.
Редакция Мээрим Дөөлөтбекова менен байланышканыбызда жигиттин Жалал-Абад облусунан экенин билдик. "Апасы Токтогулдан, атасы Аксыдан, сөөгү келсе Жалал-Абадга коюлат. Орусиянын жарандыгын жакында алышса керек эле. Үй-бүлөсү менен Сахалинде турушчу. Сөөгү келсе, чоң ата, чоң энесинин жанына коюлат", - деди ал.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Тышкы иштер министрлигинен маалыматты тактап беребиз дешти.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2022/05/261192_w_h500_1653622542_r.png" alt="" width="416" height="500" />