Abank
SerepTV Logo

Украинада Кыргызстандын 50 жараны бар

Украинада Кыргызстандын 50 жараны бар
24-февралдан бери Украинадан 744 кыргызстандыктын чыгып кетишине жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу 17-октябрда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 500дөн ашуун жаран Кыргызстанга кайтарылган. «Бүгүнкү күндө Украинада 50 кыргызстандык жүрөт. Алар мекенине кайтууну кааласа Кыргызстандын элчилиги каалаган убакта жардам бере алат», - деди ал.