Royal
SerepTV Logo

Украинада каза болгон орусиялык аскердин сөөгү Өзгөндө жерге берилди

Украинада каза болгон орусиялык аскердин сөөгү Өзгөндө жерге берилди
Кечээ, 23-апрелде Украинада каза болгон орусиялык аскердин сөөгү Өзгөндө жерге берилди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. 20 жаштагы Исламжон Камиловдун сөөгү Кыргызстанга 21-апрелде алып келинип, 23-апрелде "Кант" аба майданынан анын туулган жери Кара-Дыйкан айылына жеткирилди. Орусиянын жарандыгын алган Исламжон Камилов Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн келишимдик негиздеги аскер кызматкери болгон" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/elchilik-ukrainada-ataiyn-operacziyanyn-jyryshyndo-islamjon-kamilov-kaza-boldu/">болгон. Ал 5-апрелде Украинада атайын операциянын жүрүшүндө  снаряд жарылып көз" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/5-aprelde-snaryad-jarylyp-koz-jumgan-ukrainada-kaza-bolgon-kyrgyz-jigit-bolgonu-20-jashta-bolchu/">көз жумган. Буга чейин 25-мартта Украинада каза болгон Эгемберди Дорбоев аттуу кыргыз жигиттин сөөгү Ысык-Көлдө жерге" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ukrainada-kaza-bolgon-kyrgyz-jigittin-soogy-bygyn-jerge-berildi/">жерге берилген. Бул окуяга удаа эле 27-мартта Украинада каза болгон Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтада жерге" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ukrainada-kaza-bolgon-kyrgyzstanda-tuulup-kiiin-orusiyanyn-jarandygyn-algan-rustam-zarifulin-jerge-berildi/">жерге берилген. Экөөнүн тең сөөгү Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу мекенине жеткирилген болчу.