Украинада каза болгон кыргыз жигиттин сөөгү бүгүн жерге берилди
Бүгүн, 25-мартта Украинада каза болгон кыргыз жигиттин сөөгү жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Орусиянын жана Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн аскерлери катышып жатышат.
Анын сөөгү кечээ, 24-мартта Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу алып келинип, кийин Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылына жеткирилди.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="103114,103115,103116"]
22-мартта Украинада согуштук аракеттерде 20 жаштагы орусиялык армияда кызмат өтөгөн кыргыз жигит каза болгону маалым" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ukrainada-kaza-bolgon-orusiyalyk-asker-kyzmatkeri-ysyk-koldo-jerge-berilet/">маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун жакындары каза болгон жигиттин аты-жөнү Эгемберди Дорбоев экендигин, анын Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алгандыгын, армияга кызмат өтөөгө өткөн жылы кеткенин айтып" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/al-apasyna-daiyma-jardam-berip-kam-koryp-turchu-ukrainada-kaza-bolgon-kyrgyz-jigit-tuuraluu-okuyanyn-choo-jaiy/">айтып беришкен.