Abank
SerepTV Logo

Украинада дагы бир кыргызстандык жигит каза болгон. Ал Кара-Сууда жерге берилди

Украинада дагы бир кыргызстандык жигит каза болгон. Ал Кара-Сууда жерге берилди
Украинадагы согушта дагы бир кыргызстандык жигит каза болгон. Бул тууралуу "Турмуш" жазды. Маалыматка караганда, анын сөөгү Оштогу Кара-Суу районунда жерге берилген. Ал болжол менен 25-26 жашта болгон. Ата-энеси ал кичине кезде эле ажырашып кетишкен. Анын сөөгү 2023-жылдын январь айында алып келинип, жерге берилген. Анын мындан бир нече жыл мурда мигрант катары кеткенин да маалымдалды.