Украинада дагы бир Кыргызстанда туулган, 26 жаштагы Рустам Зарифулин каза болду
Украинадагы согуштук аракеттерде дагы бир Кыргызстанда туулган, 26 жаштагы Рустам Зарифулин каза болду. Анын Харьков облусунда 14-мартта курман болгону маалымдалып, сөөгү бүгүн, 26-мартка караган түнү Канттагы аба майданы аркылуу Кара-Балтага алып келинди.
Маркум 1996-жылы Кара-Балтада туулуп, мектепти аяктагандан кийин Орусиянын жарандыгын алып, аталган мамлекеттин армиясында 2016-жылдан бери келишимдик негизде кызмат кылып жүргөн. Соңку жолу ал ушул жылдын январь айында Кыргызстанга келип кеткен.
22-мартта Украинада согуштук аракеттерде 20 жаштагы орусиялык армияда кызмат өтөгөн кыргыз жигит каза болгону маалым" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ukrainada-kaza-bolgon-orusiyalyk-asker-kyzmatkeri-ysyk-koldo-jerge-berilet/">маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун жакындары каза болгон жигиттин аты-жөнү Эгемберди Дорбоев экендигин, анын Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алгандыгын, армияга кызмат өтөөгө өткөн жылы кеткенин айтып" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/al-apasyna-daiyma-jardam-berip-kam-koryp-turchu-ukrainada-kaza-bolgon-kyrgyz-jigit-tuuraluu-okuyanyn-choo-jaiy/">айтып беришкен. Анын сөөгү Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ukrainada-kaza-bolgon-kyrgyz-jigittin-soogy-bygyn-jerge-berildi/">жерге берилди.