Abank
SerepTV Logo

УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушу башталды

УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушу башталды
Бүгүн, 29-майда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен УКМКны жаңы административдик имаратынын капсуласы салынды.
Курулушту баштоо аземине УКМК жетекчилери, өздүк курам жана атайын кызматтын ардагерлери катышты. Камчыбек Ташиев мындай заманбап имараттардын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөштүн натыйжалуулугу жогорулай турганын белгиледи. Мындан тышкары, ал өздүк курамга кызматтык тапшырмаларды так аткарып, өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы жигердүү күрөшүүнү улантуу керектигин эскертти. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="183488,183487,183490,183492,183485,183486,183489,183491"]