Royal
SerepTV Logo

УКМК "Дед Хасан", "Равшан тентек», «Голова» жана "Илюха" кылмыштуу топтон баш тартканын билдирди

УКМК "Дед Хасан", "Равшан тентек», «Голова» жана "Илюха" кылмыштуу топтон баш тартканын билдирди
УКМК уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча активдүү иш алып барууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 23-сентябрда ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды, ошондой эле баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош облусунун Ноокат районундагы Герей-Шорон айылынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарынын «положенеци» деп аталган 1980-жылы туулган Гүлжигит Малабаев кармалган. Ал 2019-жылдан бери Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын каттоосунда турган. Бүгүнкү күндө ал Ош шаарындагы №25-мекемеде кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Октябрь айынын башында төмөндөгү адамдарга карата ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жана кылмыштуу топторго катыштыгы бар экендигинен баш тартуулары боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү: 1. 1964-жылы туулган Ажибаев Ильяскожо Рахманбердиевич, Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында туулган, улуту кыргыз, «Хасан ата жана прокурор» деген ат менен белгилүү; 2. 1967-жылы туулган Абдырахманов Равшанбек Орозбаевич, Баткен шаарынын тургуну, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, 2013-жылдан бери Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган. «Равшан тентек» деген ат менен белгилүү; 3. 1973-жылы туулган Рахманкулов Асланбек Маматбекович, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, улуту кыргыз, 2015-жылдан бери Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. «Голова» деген каймана ат менен белгилүү; 4. 1983-жылы туулган Саидбаев Ильяз Мамединович, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары 2010-жылдан бери Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам каттоосунда турган. «Илюха» каймана аты менен белгилүү.