Abank
SerepTV Logo

УКМК Чыңгыз Айдарбековдун кармалганын четке какты

УКМК Чыңгыз Айдарбековдун кармалганын четке какты

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков кармалган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле Айдарбековдун кайсы бир иш боюнча суракка алынганын четке какты. УКМКнын маалыматы боюнча, депутат Казакстандын чек арасынан өткөн.

27-ноябрга караган түнү депутаттар Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев кыргыз-казак чек арасынан өтмөкчү болгондо «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан кармалганы айтылган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ukmk-tarabynan-karmalgany-aitylgan-deputat-emil-jamgyrchievdin-boshotulgany-maalym-boldu/">айтылган. Алардын УКМКга жеткирилгени маалымдалган. Кийинчерээк Жамгырчиевдин бошотулганы маалымдалган.