Abank
SerepTV Logo

УКМК 3 жаран экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартканын билдирди

УКМК 3 жаран экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартканын билдирди
«Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрүн андан баш тартуу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу чарасынын жыйынтыгы боюнча УКМК маалымат берди. 25-августта УКМК кызматкерлери тарабынан «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынгандыгы жана ага катышууга Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жоопкерчиликке тартылары маалымдалган. УКМК тарабынан көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында 3 жаран тандап алган диний багыты жаңылыш экенин түшүнүү менен экстремисттик идеялардан баш тартышкан.