Abank
SerepTV Logo

Түркиянын жарандары үчүн ачылган эсепке 12 миллион сомдон ашык акча чогулду

Түркиянын жарандары үчүн ачылган эсепке 12 миллион сомдон ашык акча чогулду
Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 12 миллион 350 миң сом чогулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евродо которо алышат. Банк: “Айыл Банк” ААК ИНН 01803199710084 БИК 135001 ОКПО 30597768 Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам). Төлөм коду: 14411100 - "Учурдагы жардам"; Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.