Abank
SerepTV Logo

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгон кыргызстандык келиндин сөөгү Бишкекке жеткирилди

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгон кыргызстандык келиндин сөөгү Бишкекке жеткирилди
Түркиядагы жер титирөөдө каза болгон кыргызстандык 37 жаштагы келиндин сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун эжеси билдирди. Маалыматка караганда, Жүк-200 Бишкекке бүгүн, 14-февралда эртең менен келген. Келиндин сөөгү Токтогулдагы Өзгөрүш айылында жерге берилет. 6-февралда Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен Хатай шаарында Кыргыз жараны каза болгонун ТИМден билдиришкен.