Түркиядагы жер титирөө. Эрдоган ӨКМдин лейтенанты менен элчиге сыйлык берди
Кечээ, 25-апрелде Анкара шаарындагы президенттик сарайда Түркиянын түштүк-чыгышында 6-февралында болгон жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Жумамүдүновго Түркия Республикасынын «Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн» жогорку даражадагы мамлекеттик медалын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевге Ардак грамотасын тапшырды. Сыйлоо аземине Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев жана министрдин биринчи орун басары катышты.
Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш жана Хатай шаарларында издөө-куткаруу иштерин ийгиликтүү жүргүзүп, натыйжада урандылардын арасынан 8 адам куткарылып, каза болгон 198 адамдын сөөгү чыгарылган. Мындан тышкары, кыргыз тарап жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн талаа ооруканасын, ошондой эле Кахраманмараш шаарында боз үй шаарчасын тапшырган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="176633,176634,176635"]