Abank
SerepTV Logo

Түркия үчүн кечээтен бери 9 миллиондой сом чогулдубу? Министрликтин жообу

Түркия үчүн кечээтен бери 9 миллиондой сом чогулдубу? Министрликтин жообу
Түркия Республикасынын жарандары үчүн ачылган атайын эсеп 13 миллион 962 миң 603 сом жана 12 миң 550 рублга толукталды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. "Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат", - дешти. Финансы министрлиги буга чейин маалымат таратып, Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 12 миллион 350 миң сом чогулганын билдирген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/tyrkiyanyn-jarandary-ychyn-achylgan-esepke-12-million-somdon-ashyk-akcha-choguldu/">билдирген. 13-февралда чогулган каражат 12 миллиондон ашык сом эмес, 4 миллиондон ашык сом экени маалым болду. Аны редакцияга төмөндөгүдөй түшүндүрүшкөн. «Жер титирөөдөн жабыркаган Түркия Республикасынын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке акча түшкөндө 12 миллион 350 миң сом чогулганын кабарлаганбыз. Чынында бизге валюта (сом, рубль) белгиленбей, таблица түрүндө отчет берилген. Ушуга байланыштуу кечирим сурайбыз. Жаңы такталган маалымат боюнча, 13-февраль саат 10:00дө жер титирөөдөн жабыркаган Түркия Республикасынын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 4 миллион 958 миң 834 сом жана 12 миң 550 рубль чогулду»,  — дешкен. Бүгүн, 14-февралда кайрадан министрликке байланышканыбызда 13 миллион сом экенин тастыкташып, "мамлекеттик мекемелерден түшкөн каражаттарга ылайык, ичинде жарандардын дагы толуктоосу бар" дешти.