Тууну өзгөртүүгө каршы акция өткөрөм деген жарандык активист суракка чакырылганы маалымдалды
Буга чейин Бишкекте 9-декабрда тууну өзгөртүүгө каршы акция өтө турганын «БеспределKG» баракчасынын администратору катары таанымал жарандык активист Афтандил Жоробеков билдирген.
Кечээ, 1-декабрда ал репетиция катары авто унаалардын коштоосунда жүрүш болорун маалымдаган. Ал эртең, 3-декабрда Түштүк магистралдан тартып Совет көчөсүн бойлой "Ала-Тоо" аянтына чейин уланмак.
Бүгүн, 2-декабрда Афтандил Жоробеков Октябрь райондук милициясына сүйлөшүүгө чакырылганын билдирди.
width="500" height="250" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">
Ошол эле учурда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров соцтармактагы баракчасына Афтандил Жоробековдун учурда сурак берип жатканын жазды.