"Туулган күнүнүн эртеси көз жумду" дейт төрөттөн кийин төшөктө 4 жыл жаткан келиндин агасы
Мындан 4 жыл мурда 34 жашта болгон Залина Үмөталиева жөнүндө материал даярдалган болчу. Ал төртүнчү наристесин жарыкка алып келүү учурунда эс-учун жоготкон. Ошондон улам өз алдынча кыймылдабай, мурду аркылуу тамактанып калган. Анын мындай абалга келүүсүнүн себебин жакындары айтып беришкен.
Бүгүн, 26-январда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Залина Үмөталиеванын каза болгону маалым болгон." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/torotton-es-uchun-jogotup-toshokto-4-jyl-jatkan-supertvnyn-kaarmany-koz-jumgany-maalym-boldu/">болгон. Редакция анын агасы менен байланышканыбызда, келиндин 27-декабрда каза болгону маалым болду. "26-декабрь туулган күнү болчу. 27-декабрга караган түнү каза болду. Жакшы болуп кетет деп ойлогонбуз, бирок ошол боюнча эле төшөктө жатып кете берди",- деди агасы.