Royal
SerepTV Logo

"Туугандары сөөктү алып кетишти". Арстан Алайдын жактоочусу СИЗОдон которулганы тууралуу маалымат берди

"Туугандары сөөктү алып кетишти". Арстан Алайдын жактоочусу СИЗОдон которулганы тууралуу маалымат берди
Бүгүн, 5-январда Арстан Алай каза" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/jaktoochu-abakta-jatkan-arstan-alai-kaza-boldu/">каза болду. ЖАК анын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө асынып турган жеринен табылганын билдирди" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/jak-arstan-alai-asyngan-abalda-tabylgan-okuyanyn-choo-jaiy/">билдирди. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын жактоочусу Самарбек Болотбеков менен байланышканыбызда, анын СИЗО-1ден №31 түзөтүү мекемесине өз эрки менен которулганын билдирди. "Ал 27-декабрда СИЗО-1ден №31 дарылоо мекемесине которулган. Мен жолугушууга барып, жолуга алган эмесмин. Ага чейинки жолугушууда өз эрки менен №31 дарылоо мекемесине которуларын айткан. Мен тактап сурагам. Ал башы ооруп жатканын айткан. Башынын оорусун кызматкерлерге да айтканын билдирген. Ошондон улам которууну чечишкен. Туугандары сөөктү 1-2 саат мурда алып кетишти. ЖАК тергөө иштерин жүргүзөт. Ошонун жыйынтыгы жана жакындарынын айтымы менен кийинки кадамыбыз аныкталат", - деди жактоочусу. Арстан Алай 14-декабрда дайынсыз болуп, милиция тарабынан изделип жатканы маалым" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/arstan-alai-daiynsyz-bolup-izdelip-jatat/">маалым болгон. 15-декабрда анын УКМК тарабынан кармалганы" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/arstan-alai-tabyldy-anyn-ukmk-tarabynan-karmalgany-belgilyy-boldu/">кармалганы жана «диний кастыкты козутуу» беренеси менени айыпталып жатканы айтылган. Кийин УКМК маалымат таратып" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/kyzdardy-koldongon-ukmk-arstan-alai-tuuraluu-koshumcha-maalymat-berdi/">таратыпАрстан Алайды «кыздарды колдонуп жүргөн» деген. 17-декабрда бөгөт чарасы каралып, 15-январга чейин камакта калтырылган болчу" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/arstan-alai-15-yanvarga-cheiin-kamakta-kaltyryldy/">болчу. 25-декабрда социалдык тармактарда «Арстан Алай абакта каза болду» деген маалымат тарап, ЖАКтан бул маалымат жалган деп билдиришкен" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/arstan-alai-kaza-boldu-degen-maalymat-jalgan/">билдиришкен.