Royal
SerepTV Logo

Эсептөө палатасы: Транспорт министрлигинде 1,2 миллиард сом каржылык бузуу аныкталды

Эсептөө палатасы: Транспорт министрлигинде 1,2 миллиард сом каржылык бузуу аныкталды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө 1 миллиард 251 миллион 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

27-январда Эсептөө палатасынын кеңешинин отурумунда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө жана Министрликтин карамагында турган мамлекеттик ишканалардын 2021-2022-жылдар аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчету каралды. Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында төмөндөгү финансылык тартип бузуулар, аныкталды. Атап айтканда:
https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t5/1.5/16/1f4cc.png" alt="?" width="16" height="16" />Аудиттин жүрүшүндө, жалпы, 1 миллиард 251 миллион 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Анын ичинен:
https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t4c/1.5/16/1f539.png" alt="?" width="16" height="16" />Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 366 миллион 630,3 миң сом;
https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t4c/1.5/16/1f539.png" alt="?" width="16" height="16" />мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 57 миллион 283,3 миң сом;
https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t4c/1.5/16/1f539.png" alt="?" width="16" height="16" />эсептин жана отчеттуулуктун тартибин бузуу – 214 миллион 824,1 миң сом;
https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t4c/1.5/16/1f539.png" alt="?" width="16" height="16" />мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар – 612 миллион 670,5 миң сом;
https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t4c/1.5/16/1f539.png" alt="?" width="16" height="16" />ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин кагылышуусу жана процессуалдык бузулушу –  47,4 миң сом.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жол мунай битумунун сатып алынышы боюнча аудиттин тиешелүү материалдарын укуктук баа берүүүчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлөт.