"Трагедия жасаштын кереги жок". Садыр Жапаров "футболду иш күндөрү ойноп жатат" дегендерге жооп берди
Кечээ, 14-декабрда Бишкекте башталган "Мурас" футбол турнири бүгүн, 15-декабрда да уланат. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде "топту иш күнү ойноп жатышат" деп сын айткандарга жооп берди.
"Иш күнү өтүп жатат деп андан трагедия жасаштын кереги жок. Ушундай биримдикти, ынтымакты бекемдеген иш-чаралар маалында облустардан келген өкүлдөр министрлер менен жолугуп, чече албай жүргөн маселелерин жакшы маанайда чечип жатышат. Мен өзүм да кабыл алып, облустардагы маселелерден кабар алып, ошол замат министрлерге тапшырмаларды берип жатам. Оюн менен эс алуунун шартында негизги маселелерди көңүл сыртында калтырган жерибиз жок. Мындан сырткары, бул турнирдин дагы бир максаты – “Аганы көрүп, ини өсөт” дегендей, биздин спорт менен машыгып чуркап жүргөнүбүздү көрүп келечек муун үлгү алат. Спортко тартылат. Мындай биримдикке чакырган, сергек жашоо образына үндөгөн иш-чараларды өткөрүү – биздин иш-милдеттерибиздин бири, керек болсо, эң маанилүүсү десем да болот", - деди ал.