Abank
SerepTV Logo

Төрөттөн каза болгон 19 жаштагы келиндин күйөөсү: "Өлөрүн сезген окшойт, жылмайып кете берди"

Төрөттөн каза болгон 19 жаштагы келиндин күйөөсү: "Өлөрүн сезген окшойт, жылмайып кете берди"
Бул жолу биздин телеканалга Кант шаарынын тургуну Бексултан Төрөгелди уулу кайрылды. Ал “19 жаштагы жубайым төрөттөн кийин каза болду. Ал дарыгерлердин шалаакылыгынан улам өлдү” дейт. Бексултан Төрөгелди уулу 10 күндүк наристеси менен калды. "Жубайым экөөбүз отуруштан таанышып калабыз. Анын таежеси менин классташым. Таанышып, сүйлөшүп жүрдүк. Жүрөгүм "ушул кызды аласың" деди. Колун сурадым. Макул болуп, ата-энелер менен сүйлөшүп, 26-декабрда баш кошконбуз. Жакшы жашадык. Март айында кош бойлуу болду. Төрөргө жакын "бала сонун, өзү да сонун" деп жүрдү. "Ичим бир нерсе болуп жатат" деди. Төрөтканага жеткирдим. Карантин деп бизди киргизбей койду. Аябай кыйналды. 9дарда чалып, сүйүнчүлөдү. Кубанычтан баарына чалдым. Ооруканадан чыгардык. Анан эле дене табы көтөрүлө баштады. Дары ичип, уктап калды. Эртеси дарыгерге чалдык. Келди. Ошол учурда дене табы 37,8 болуп кетиптир. Ооруканага бардык, ириңдей баштаптыр. Бардык дарыгерге бардык, "баары жакшы, кете бергиле" деди. Ошол күнү дарыларын ичти. Ичи өттү. Кайра дене табы көтөрүлдү. Кусту. Мен аны суук тийгизип алдым го деп жүрдүм. 11-декабрда кан аралаш кусту. Рентгенге түштү. УЗИге түшүрдү. Келинчегиң оор экен деди. Мен өзүмдү жоготуп ийдим. Санавиация чакырышты. Келген жок, шаардан менчик Тез жардам чакырдык, келди. Келинчегим каза болорун сезген окшойт, жылмайып кете берди", - дейт көзүнө жаш алган жолдошу.