Төрага Шакиев: "Кыз-келиндерибизге түнкүсүн эмес, күндүз жүрүү да коркунучтуу болуп жатат"
Бүгүн, 22-ноябрда парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыз-келиндерге жүрүү кооптуу болуп жатканын айтып, чара көрүү керектигин билдирди.
"Акыркы учурда коомдо аялзатына болгон зордук-зомбулук жана бир топ маселе жаралып, коомчулукта тынчсыздануу болуп жатат. Мен ИИМ башчысына да айттым. Ушул терс көрүнүштөрдү жоюу максатында биз чоң иш-чараларды жүргүзүп, коомдук жайларла видео көзөмөлдү күчөтүү керек. Себеби, биздин кыз-келиндерибизге түнкүсүн эмес, күндүз жүрүү да коркунучтуу болуп жатат. Бул жаатта милиция иштөөдө. Ымыркайын таштаган 3 эне тең табылды. Бул өтө кейиштүү жагдай. Милиция ишти күчөтүшү керек", - деди төрага.
width="560" height="314" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">