Abank
SerepTV Logo

Төрага Нурланбек Шакиев бокс боюнча эл аралык мелдештин ачылышына катышты

Төрага Нурланбек Шакиев бокс боюнча эл аралык мелдештин ачылышына катышты
Кечээ, 27-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутат Шайлообек Атазовдун байгесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин ачылышына катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев: “Акыркы жылдары спортко өзгөчө көңүл бурулуп, кыргыздын улан-кыздары эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды багындырышууда. Бул мамлекетибиз үчүн чоң олжо, элибиз үчүн сыймык. Андыктан бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш-чара дагы өлкөлөр ортосундагы достукту арттырып, спортко кызыккан жаштардын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин”, – деди. Аземдин алкагында төрага спорт жаатындагы жетишкендиктери жана жигердүү коомдук ишмердүүлүгү үчүн бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Дмитрий Биволго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды. Өз кезегинде Дмитрий Бивол мелдештин уюштуруучуларына жана тапшырылган сыйлыкка ыраазычылыгын айтып, кол тамгасы түшүрүлгөн мээлейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго белек кылды.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="166281,166282,166277,166278,166279,166276,166280"]