Abank
SerepTV Logo

Төрага Нурланбек Шакиев "Ата-Бейитке" барып, ата-бабалардын арбагына багышталып куран окулду

Төрага Нурланбек Шакиев "Ата-Бейитке" барып, ата-бабалардын арбагына багышталып куран окулду
Бүгүн, 7-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнүн алкагында “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Алгач 1916-жылдагы коогалуу Үркүндө курман болгондорду эскерүү мемориалына гүл чамбар коюлган. Андан тышкары, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиялардын курмандыктарынын жана улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун эстелик-мемориалдарына да гүл чамбар коюлуп, бабалардын арбагына багышталып куран окулду. Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү 2017-жылы негизделген. Буга байланыштуу жыл сайын 7-8-ноябрь күндөрү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына таасирин тийгизген тарыхый окуялар, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын өмүр жолу эскерилип, элесине таазим этүү менен байланышкан иш-чаралар улуттук жана жергиликтүү деңгээлде өткөрүлүп келет. Бүгүнкү Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн эскерүү иш-чараларына Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Адылбек Касымалиев менен Эдил Байсалов баштаган жетекчилер да катышкан. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="146304,146305,146306"]