Abank
SerepTV Logo

"Тоону көздөй качып, жашынышкан". Дайынсыз болуп жаткан Ак-Сайдын 4 тургуну табылды

"Тоону көздөй качып, жашынышкан". Дайынсыз болуп жаткан Ак-Сайдын 4 тургуну табылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыштан улам 4 адамдын дайыны чыкпай жаткан. Изделип жаткан адамдар кечээ, 18-сентябрда табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

"Чек арада жайгашкан айылдардын бири – Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары куралдуу кагылышуу учурунда Мойнок тоосу тарапты көздөй качып, арасында бекинип жатышкан. Табылган 4 ак-сайлыктын арасында кары адам болгондуктан жарандарды тик учак менен Баткенге алып келишкен", - дешти.