Abank
SerepTV Logo

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-мартта жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка автоунаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка - Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Unknown Author