Тоодо дайынсыз болуп жаткан аңчынын жансыз денеси табылды
Тоодо дайынсыз болуп жаткан аңчынын жансыз денеси табылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден тастыкташты.
"Жансыз денеси табылды. Бирок тоодон азырынча түшүрүлө элек",- дешти.
- 28-ноябрда милицияга Дмитрий Забуновдун жубайы кайрылып, 1971-жылы туулган жолдошу 27-ноябрда Сокулуктагы тоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Териштирүүнүн жүрүшүндө ал аңчылыкка 1961-жылы туулган досу менен кеткени маалым болгон. Саат 17:30 чамасында болжолдуу Кичи-Тоо аймагында текени аткан. Забунов текени алууга кеткен бойдон жок болуп кеткен. Досу кеч кирип кеткендиктен кайтууга аргасыз болгон.