Төө-Ашуудагы туннелге чектөөлөр киргизилет. Убактысы
Төө-Ашуудагы туннелге маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Бишкек-Ош авто жолунун 129-131-чакырымында жайгашкан Төө-Ашуу ашуусундагы туннелдин ичинин жолун оңдоп түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу, 12-июлдан тартып, 18-июлга чейин унааларды туннелден өтүү кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет.
?Туннелдин ичин убактылуу жабуу убагы төмөндөгүдөй:
- 05:00дөн тартып, 08:00гө чейин; 10:00дөн тартып, 12:00гө чейин; 14:00дөн тартып, 16:00гө чейин.