Abank
SerepTV Logo

Төө-Ашуудагы туннелде кайрадан тыгын. Эмне себеп болуп жатат?

Төө-Ашуудагы туннелде кайрадан тыгын. Эмне себеп болуп жатат?
Кечээ, 12-июнь күнү Төө-Ашуудагы туннелде суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаралган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/too-ashuudagy-tunneldi-suu-kaptady/">жаралган. Көйгөйдүн себеби - суу өткөрүүчү түтүктө кумдуу калдык толуп, ошол себептен суу туннелдин ичиндеги жолду каптаган. Түнкү саат 22:30 чамасында жол кызматкерлери тарабынан түтүк тазаланып, суу кеткен. Бул тууралуу "Кыргыз авто жол" ишканасынан маалымдашты.
Бүгүн, 13-июнда абал кайталанып, зарыл техниканын жардамы менен тазалоо иштери жүрүүдө. Суу өткөргөн эски түтүктө пайда болгон кемчиликтерине байланыштуу, жол кызматкерлери тарабынан түтүктөрдү оңдоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү Төө-Ашуудагы тыгындардын себеби – бул туннелдин жолун оңдоо жумуштары. Саат 14:00 – 16:00 чейин тыгындар пайда болгон. Бул убакытта бекилген график боюнча иштер аткарылат.
Белгилей кетсек, 19-майдан баштап 28-июнга чейин Төө-Ашуудагы туннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, дубалдарын актоо иштерине байланыштуу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Саат 5:00дөн 8:00гө чейин, 10:00дөн 12:00гө чейин, 14:00дөн 16:00гө чейин унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилет.