Төө-Ашуудагы туннелде 8-июлга чейин унаа кыймылына чектөө киргизилет
6-июлдан 8-июлга чейин Төө-Ашуу ашуусундагы туннелде унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул күйүп кеткен электр кабелин алмаштыруу иштери менен байланыштуу.
Кечээ, 5-июлда ашууда кырсык болгон. Лексус 470 үлгүсүндөгү жол тандабас туннелдин 1250 метринде күйүп кеткен. Унаанын ичинде эки адам болгон. Алар жабыркаган эмес. Туннелдеги кырдаалдан улам электр жарыгы өчүрүлгөн." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/too-ashuudagy-tunnelde-jaryk-jok-unaa-kyimyly-toktotuldu-video/">өчүрүлгөн.