Abank
SerepTV Logo

Төө-Ашуудагы тоннель жолу оңдолгондон кийин кандай болуп калды? (видео)

Төө-Ашуудагы тоннель жолу оңдолгондон кийин кандай болуп калды? (видео)

Төө-Ашуудагы тоннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады. Бул тууралуу Транспорт министри Тилек Текебаев билдирди.

"Эми жол сызыктары чийилген соң, чектөөлөр алынат. Болжол менен 2-август күнү кечки саат 16:00дөн кийин чектөө алынат, азырынча мурдагы графикти кармап турабыз. Буга чейин айтылган 6-августка жеткирбей жол толугу менен ачылат. Эртең дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат. Тоннель кызматына айлана-чөйрөнү, тоннелдин кире бериш жерлерин көрктөндүрүү боюнча тапшырма берилген. Жакынкы күндөрү иштер башталат, ал учурда унаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбойт",- деди ал.

width="267" height="476" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">