Abank
SerepTV Logo

Төө-Ашууда кар жаап, бороон болуп жатат. Жол эки тараптуу жабылды

Төө-Ашууда кар жаап, бороон болуп жатат. Жол эки тараптуу жабылды
Сосновка постунда түшкү саат 14:30дан тарта унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилип, жол эки тараптуу жабылды. Аба ырайынын начарлашынан улам 17-апрелге караган түнү саат 02:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап, бороон болуп жатат. №9 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бороондон пайда болгон кар күрткүлөр тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө.
Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет.
width="269" height="476" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">