Саламат, Салават, Сауле. Тоң районунда 3 эм төрөлдү (сүрөт)
Тоң районунда 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
28-июнда Кара-Талаа айылынын 1986-жылы туулган тургуну Айбарчын Бегалиева 3 эмди жарык дүйнөгө алып келген. Ымыркайлар облустук төрөт бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Балдардын салмагы 1 килограмм 915 грамм, 1 килограмм 915 грамм, 1 килограмм 825 грамм. Аларга Саламат, Салават жана Сауле деген ысымдар ыйгарылды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="122013,122012,122011"]