Abank
SerepTV Logo

Төлөйкөндө 50 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Төлөйкөндө 50 орундуу жаңы бала бакча ачылды
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагындагы Учар айылында жаңы 50 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңеш депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. “Акылман уя” бала бакчасынын курулушу 2021-жылы башталып, республикалык бюджеттен 17 миллион 355 миң сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө бала бакчанын курулушу толугу менен бүткөрүлүп, техникалык жана эмерек жабдуулары орнотулду.