Токтогулда өз жанын кыйган 24 жаштагы келин. Окуянын жаңы жагдайы
10-январда Жалал-Абадда 24 жаштагы келин асынып алган. Маалыматты облустук милициядан тастыкташкан.
- 10-январь күнү саат 01:00дөр чамасында Токтогул РИИБдин «102» кызматына ошол эле райондун 24 жаштагы тургуну жашаган үйүндө асынып алгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Аталган маалыматтын негизинде Токтогул РИИБдин тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, тиешелүү иш кагаздар чогултулган. Аталган факты Токтогул РИИБге «өзүн өзү асып алуу" болуп катталган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБге кайрылганыбызда, ишти жетекчилик көзөмөлгө алганын билдиришти. "Учурда Токтогулдагы өзүн-өзү асып алган факты боюнча Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан өлүмдүн жана бул жолго баруунун себептерин аныктоо боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат. Милиция бул окуяга кайдыгер эмес жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет. Аталган факты ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө экендигин маалымдайбыз", - дешти.