"Токтогул ГЭСте 1 агрегат иштен чыкканга байланыштуу жарык өчүрүлөт" деген маалымат калп
Учурда социалдык тармактарда "Токтогул ГЭСинде 1 агрегат иштен чыкканга байланыштуу суткасына 4 маалдан жарык өчүрүлөт" деген маалымат тарап жатат.
Анын тексти төмөндөгүдөй:
Урматтуу тургундар, Токтогул ГЭСинде 1 агрегат иштен чыкканга байланыштуу суткасына 4 маалдан элетр энергиясы өчүрүлөт. Республика боюнча. 10:00 - 12:00 14:00 - 16:00 20:00 - 22:00 02:00 - 04:00 Убактылуу!Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги "Электр станциялары" ишканасына кайрылганыбызда мааламат чындыкка дал келберин айтышты.