Abank
SerepTV Logo

Токмоктогу жеке мектептин 84 бүтүрүүчүсү аттестат алмай болду. Күнөлүүлөр жазаланары айтылды

Токмоктогу жеке мектептин 84 бүтүрүүчүсү аттестат алмай болду. Күнөлүүлөр жазаланары айтылды
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү министрлигине Токмоктогу жеке менчик «Ай Кью» билим берүү комплексининин быйылкы бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка караганда, ал укук коргоо органдарына бул аракеттерге күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча тез арада зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

"Ошондой эле мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында билим берүү тутумунун лицензиялык ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүү тапшырылды",- деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, Токмок шаарындагы жеке менчик «Ай Кью» билим берүү комплексинде 2022-2023-окуу жылында 84 бүтүрүүчү аттестат ала элек болчу. Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева 14-июлдагы маалымат жыйынында 2022-2023-окуу жылына жеке менчик мектеп экстернатга лицензиясы жок 84 окуучуну мыйзамсыз кабыл алганын билдирген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/tokmoktogu-jeke-mekteptin-84-bytyryychysy-attestat-algan-jok-ministrlik-tyshyndyrmo-berdi/">билдирген.

«Алардын экстернат боюнча лицензиясы жок болгондуктан, Билим берүү министрлиги аларга аттестат бере албайт жана алар ЖОЖдорго да документ тапшыра алышпайт. Мектеп 84 окуучунун ата-энесинен 1 жылда 60 миң сомдон 75 миң сомго чейин алган. Бул мыйзамсыз жана кайтарылып берилиши керек. Муну Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМден өтүнөбүз. Министрлик окуучулардын эч күнөөсү жок деп эсептейбиз жана укуктарын коргойбуз»,— деген ал.