Abank
SerepTV Logo

"Тойго келдиңизби?". Депутат өкмөттө иштеген адамдын кийимин сындады

"Тойго келдиңизби?". Депутат өкмөттө иштеген адамдын кийимин сындады
"Өкмөт мүчөсү Асан мырза, сиз эмне тойго келдиңизби?" - деди депутат Жеңишбек Токторбаев “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн эксперти Асан Гайыповго кайрылып. Гайыпов депутаттын суроосуна түшүнбөй калганын айтты. "Түшүнбөдүм", - деди ал. "Жемперчен келиптирсиз, тойго келдиңизби? Костюмуңуз жокпу?" - деди ал. "Костюм бар, чечип койдум", - деди Гайыпов.  "Сиз келген конокторго үлгү болушуңуз керек да. Жакшынакай болуп... Костюм-шым кийип келбейсизби?! Анда биз деле эртең жемпер кийип келели", - деди депутат.