Россельхознадзор Кыргызстандын компетенттүү органдарынын Орусияга мал чарба азыктарын экспорттоодо республикадагы ветеринардык көзөмөлдү ишке ашырууга мамилесин жетишсиз деп эсептейт. Бул маалыматты Россельхознадзор федералдык кызматынан билдиришти.
Россельхознадзор федералдык кызматынын адистери Кыргызстандан алып келинген адал колбасанын ичинен декларацияланбаган чочко эти менен соя табышканы белгилүү болгон. Ошол эле учурда Кыргызстандын Чүй облусунан келген өндүрүүчү компания өзүн халал стандарты боюнча технологиялык рецепттерди катуу сактоо менен эт азыктарын чыгарган ишкана катары көрсөтөт. Жарыяланган документтерге ылайык, кагазда "Тойбосс" компаниясынын азыктарынан чочко эти табылганы көрсөтүлгөн.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/04/1769246.5571ca593177dbc6acbbec3c0101fde5.jpg" alt="" width="577" height="1000" />
Бул боюнча "Тойбосс" ишканасы соцтармактагы баракчасына өз пикирин жарыялашты.
"Акыркы күндөрү Кыргызстандын адал колбасаларынын ичинен чочконун ДНКсы табылганы тууралуу маалымат түшүүдө. Кардарларыбыздын тынчсыздануусун түшүнөбүз, биз эч качан адал эмес этти колбасага колдонгон эмеспиз, мал союуда шарият мыйзамдары так сакталат деп ишендиребиз! Биздин компания 5 жылдан бери башка мамлекеттерге колбаса азыктарын экспорттоп келет. Бүтүндөй өндүрүш линиясы жана даяр продукция Халал стандарттарынын шайкештигине текшерилет. Халал колбасалардын ичинен дал биздин бренд БАЭ жана Катарда жана Түркияда өткөн көргөзмөлөргө катышкан.
Тойбосс компаниясынын 3 Халал сертификаты бар:
https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t4c/1.5/16/1f539.png" alt="?" width="16" height="16" />Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы;
https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t4c/1.5/16/1f539.png" alt="?" width="16" height="16" />Кыргызстандын Халал индустриясын өнүктүрүү борбору;
https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/t4c/1.5/16/1f539.png" alt="?" width="16" height="16" />Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы.
⠀
Тойбосс ар бир кардар менен ачык иш алып барууга дайым даяр. Белгилүү болгондой, биз ар дайым экскурсияларды өткөрүп, өндүрүштүн видеолорун жарыялап келгенбиз, кардарлардан жашыра турган эч нерсебиз жок. Биз дайыма сиздер менен чынчыл мамиледе болгонбуз жана дагы да ачык иш жүргүзүүнү уланта беребиз! Биз сиздин ишенимиңизди жогору баалайбыз жана кандай кырдаал болбосун, Исламдын жана адеп-ахлактын негиздеринен чыкпайбыз!" - дешти.