Тиш дарылаткан 3 жашар кыздын чарчап калышы. Депутат бардык клиникаларды текшерүү керектигин айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте каза болгон 3 жашар кыздын маселесин көтөрүп чыкты.
"Мага каза болгон 3 жаштагы кыздын атасы менен чоң энеси келди. Энесин уксаң жүрөк жарылат. Өлкөдөгү бардык медициналык мекемелерди текшерүү керек. Бул коррупция эмес, шалаакылык болуп жатат. Же билимди жакшы албай, операция кылып жатат", - деди ал.
Ал ошондой эле ага дагы бир каза болгон аялдын жакындары байланышка чыкканын билдирди. "Жаңы жылда бүт клиникаларды текшерүү керек", - деди ал.