ТИМ: "Учак менен Орусиянын аймагына кирүү үчүн чет өлкөлүк жарандар ПЦР-тест тапшырышы керек"
Орусияга аба каттамы аркылуу кирген бардык чет өлкөлүк жарандарга, алардын ичинде Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин жарандарына карата Орусиянын аймагына киргенге чейин эки календардык күндөн эрте эмес тапшырылган ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
"Ошол эле учурда, кургактык өткөрүү пункттары аркылуу кирген Кыргыз жарандарынан COVID-19 боюнча ПЦР-тест талап кылынбайт", - деп айтылат маалыматта.